КРнын
Биринчи вице-премьер-министри
Тайырбек Сарпашев
Монголияга 4
күндүк иш сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда өкмөттүн
маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка
ылайык, Т.Сарпашевдин сапары Монголиядан биометрикалык маалыматтарды топтоо
боюнча тажрыйба алууга багытталмакчы. Ошондой
эле аталган иш сапарында Т.Сарпашев монгол өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолугушуп,
эки тараптуу кызматташууларга байланыштуу маселелерди да сүйлөшөрү пландалууда.