Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 7-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда Чолпон-Ата шаарынын башкы насостук станциясында болду. Мекеменин иши тууралуу өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов маалымат берди. Айтымында, башкы станциясынын нормада иштеши үчүн дагы 2 насос жана дагы 1 насос станциясын куруу зарыл.
Өкмөт башчы аталган башкы станцияны модернизациялоону тездетүүнү, ага Азия өнүктүрүү банкы каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди. “Бул багытта иштерди жакшыртуу жана бардык иштерди кыска мөөнөттүн ичинде бүтүрүү керек”,- деди премьер.