Таш-Көмүр шаарында психиатриялык оорукананы сел каптады

Таш-Көмүр шаарында психиатриялык оорукананы сел каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 7-июнь күнү саат 21:00 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын аймагында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен сел суулары Республикалык психиатриялык оорукананын короо-жайларын каптап, 2 бөлмөсүн, ошондой эле ашканасынын жер төлөсүнө 50-60 сантиметрге чейин сел суулары толуп калган. Жыйынтыгында сел суулары жерге сиңип, ылай калдыктары калган.

Мындан сырткары аталган оорукананын канализациясынын түтүктөрү ылайга толуп, даараткана жана жуунуучу жайларынын суулары оорукананын ичин каптаганы белгилүү болду.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан