Улуу Британияда баласынын ашыкча салмагы үчүн анын ата-энесине кылмыш ишин козгошту

Улуу Британияда баласынын ашыкча салмагы үчүн анын ата-энесине кылмыш иши козголду. Алар 11 жаштагы уулуна туура эмес мамиле кылгандыгы үчүн жооп беришүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, баланын күндөн-күнгө салмагы оорлоп, 95 килограммга жетип калганына тынчсызданган дарыгерлер чуу чыгарышкан. 
Полициянын маалыматына ылайык, учурда ата-эне күрөөгө акча коюп абактан чыгышты. Эми баланы опекун органдарына өткөрүп беришет.
"Уулубуз көбүнчө жашылча-жемиштерге ыктайт. Эң жакшы көргөн жашылчасы - брокколи (капустанын түрү). Жашылча жеген адам семирбеши керек. Анын салмак кошушун тукум куучулук оору деп санайбыз",- дешет. 
Бала журналисттерге жакында эле бассейнге кулап кетип, бирөөлөрдүн жардамы менен араң тургандыгын жана учурда аябай арыктагысы келип жатканын айткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abaychik
2014-06-09 13:16:36
Оорулуу окшойт.
+1
Dadin
2014-06-09 14:53:23
Андан кору эркек м-н эркек,катын м-н катын болуп уйлонгондорго кылмыш ишин козгошпойбу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан