Талас облусундагы жол кырсыгынан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Талас районунун Тай-Жорго ашуусунда эки унаа сүзүшүп, жолдон чыгып кетишкен. Анын кесепетинен 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында 2 жашар ымыркай да бар. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жараат алгандар ооруканага жеткирилген.