Москва шаарында 6-июнь күнү өткөрүлгөн “МузТВ-2014” сыйлыгын тапшыруу аземине белгилүү “Город 312” тобу катышты. Алар кызыл килемден кыргыздын улуттук кийимдери менен өтүшүп, чогулган көрүүчүлөрдү, алып баруучуларды таң калтырышты. Мындан тышкары аларды Толик аттуу кой да коштоп жүргөнү кызыгууну жаратты.
Борбор шаарыбыздын кодун алып жүргөн мекендештерибиз “Город 312” тобу: “Биз "МузТВда" ушундай болобуз:)”,- деп аземдин башталышына чейин эле интернеттеги баракчасына сүрөттөрүн жүктөп, жазып чыгышкан эле.
"Топтун бардык мүчөлөрү адаттан тышкары болушуп, улуттук костюмдар менен келишти. Кой тынч турган жок, жадакалса ал коллективге берилген гүлдү жеп алайын деди. Бул кызыл килемдеги эң көрүнүктүү чыгуу болду",- деп чет элдик басылмалар жазып чыгышты.