Индияда суу жээгинде сүрөткө түшүү үчүн чогулган студенттерди дамбадан түшүрүлгөн суу агызып кетти

Индиядагы Инженердик колледжде окуган 24 студентти Беас дарыясына суу ташкыны алып кетип, учурда дайынсыз деп изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, студенттер Индиянын түндүгүндөгү Манали шаарына экскурсияга бара жатышып, дарыянын жээгинде сүрөткө түшүүнү чечишкен. Ошол учурда дамбадан түшүрүлгөн суу ташкындап, студенттерди агызып кеткен.

Жергиликтүү бийлик буга чейин суу түшүрүлөрү тууралуу маалымат таратышпаганы белгилүү болгон. Издөө иштерине суучулдар, жергиликтүү тургундар жана полиция кызматкерлери тартылды.

Куткаруучулар "муздак сууда тирүү калуу мүмкүн эмес" деген божомолдорду айтышканы менен, 18 уланды жана 6 кызды издөө уланууда. Аймактагы жашоочулар Маналиге кетчү жолду бууп, кырсык боюнча алдын ала эскертүү бербеген бийликти күнөөлөшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aalam-meikin
2014-06-09 11:23:51
Аллахымдан да,киринууну билгендер табылатдыр
+1
jakula
2014-06-09 14:31:47
Аман эсен табылып калса экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан