“Туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн өлкөгө туруктуулук керек” деди өкмөт башчы

“Туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн өлкөгө туруктуулук керек”,- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 7-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында. Туристтик сезондун расмий ачылышы учурунда Оторбаев дүйнөдө жыл сайын 1 миллиард адам турист катары саякаттай турганын билдирди. 
"Ысык-Көлгө жыл сайын 2 миллионго жакын турист келет. Бул жакшы көрсөткүч. Эгер ар бир турист эс алганы үчүн бул жерге болжол менен 500 доллар таштаса, анын бир бөлүгү салыкка берилип, тармакты өнүктүрүү жана жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга жумшалат",- деди премьер. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан