Асылбек Жээнбеков: "Коррупция менен күрөшүү аракети элде колдоо тапты"

"Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү аракети элде колдоо тапты",- деди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков.

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүү 20 жылдан бери уланып келе жатат. “Бирок саясий эрк жок болгондуктан, пара алуу күчөп кеткен. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшүү боюнча эл аралык практика Кыргызстанда ишке ашырылбай калган”,- деди ал.

“Президент Алмазбек Атамбаевдин коррупция менен күрөшүү боюнча буйругу элде колдоо тапкандыгын байкап жатабыз. Жарандык коом пара алуу маселесине арналган бир нече иш-чараларды уюштуруп жатат. Мамлекеттик мекемелерде коррупция менен күрөшүү боюнча уюмдар ачылып, алар ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүүдө”,- деп кошумчалады Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан