Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева: “Коррупция менен күрөшүүдө парламенттин ролу жогору”

“Коррупция менен күрөшүүдө парламенттин ролу жогору”,- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференцияда КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева.

Анын айтымында, коррупция коомчулуктун коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтирет. “Мындан тышкары коррупция мамлекеттик бийликтин аброюн төмөндөтүп, мамлекеттүүлүктү бузат. Тилекке каршы, коррупция - биздин өлкөбүздө негизги көйгөйлөрдүн бири. Ошондуктан пара алуу менен күрөшүү бийлик үчүн өтө маанилүү”,- деди ал.

“Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин арасындагы соттук түзүмдөрдө пара алууну байкап жатабыз. Коррупция менен күрөшүүдө парламенттин ролу бийик. Бирок коррупцияны жалгыз эч ким жеңе албайт. Аны жеңүү үчүн ар бир мамлекеттик мекеме биргеликте иштеши зарыл”,- деп кошумчалады Жамашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан