Токмокто алкоголдук ичимдиктен ууланып 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматтарга караганда, 2-июнда Токмок шаарынын жашоочулары белгисиз алкоголдук ичимдик ичишкен. Бир аз убакыт өткөн соң аларда уулануу белгилери, муундардын тырышуусу, кусуу, жүрөк айлануу пайда боло баштаган.
Маалым болгондой, аталган төрт жаран аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай аталган жарандар каза болуп калышкан. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери башталды.