Ош шаарында акыркы айларда жол кырсыгы 18 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын башчысы Шайырбек Шакиров билдирди.
Анын айтымында, учурда аталган кызматта тиешелүү өлчөмдөгү ылдамдыктарды өлчөөчү жабдыктарынын жоктугу жана көчөлөрдө фото-видеокамералардын орнотулбай жаткандыгы жол кырсыктардын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө. Жыл башынан бери 4 айда 142 жол кырсыгы катталган, 8 адам кырсыктан каза болсо, 206 адам түрдүү жараат алган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 105 жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болгон, 151 адам түрдүү жаракат алышкан. Ош шаары боюнча каттоодо турган 65 миңдей автоунаа бар.