Жогорку Кеңештин тармактык комитети малды идентификациялоону баштоого байланыштуу мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде бүгүн, 9-июнда “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, малды идентификациялоо иштери быйыл 1-ноябрь айында башталмакчы. Депутат Эсенгул Исаковдун билдиришинче, бул долбоорду ишке ашырууга Польша өкмөтү 40 миллион евро бөлүп бериши күтүлүүдө. "Негизи, бул иш быйыл апрель айында башталышы керек болчу, тийиштүү мыйзам долбоору аркылуу ал мөөнөттү ноябрга жылдырып жатабыз”,- деди депутат.

Мыйзам долбоору комитетте колдоо тапты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан