“Кыргызстанда коррупцияны жок кылууга мезгил келди. Анткени коррупция менен күрөшүүгө саясий эрк жана коомдун колдоосу бар”,- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференцияда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин бийлик коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ декларацияларды кабыл алган, бирок эч кандай иштерди жүргүзгөн эмес.
“Ошентип, өлкөдө коррупция адаттагыдай көрүнүш болуп калган. Ошол учурда коррупциянын күчөп кетишине мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Учурда Кыргызстанда коррупция менен күрөшүп, аны жеңүүгө жакшы учур келди. Мурда парламент президентке баш ийсе, учурда Жогорку Кеңеш көз карандысыз болуп, чечимдери чыгаруучу борбор болуп калды. Эгер учурдан пайдаланып коррупцияны жок кыла албасак, кийин кеч болуп калышы мүмкүн”,- деди Текебаев.