"Бишкектеги соода борборлорунун бириндеги бутиктен бут кийим уурдаган" деп 3 кыз шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Сабинур аттуу тургуну милиция бөлүмүнө кайрылып, соода борборундагы жеке бутигинен белгисиз адамдар сатыкта турган бут кийимдерди уурдап кетишкендигин кабарлаган.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Чүй облусунун Зарина аттуу тургуну жана 1994-жылы туулган Жасмин, ошондой эле 1990-жылы туулган Рахат аттуу Бишкек шаарынын тургундары кармалган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.