Алайда жол тоскондор башкы прокурор Аида Салянованын отставкасын талап кылышууда

Алайда Ош - Эркеч-Там унаа жолун тоскондор башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда жол тоскондордун бири Жаркынбай Косонов SUPER.KG порталына билдирди. Учурда жол жабылуу бойдон турат.

“Буга чейин биз эч кандай кошумча талап койгон эмеспиз. 8-июнда башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан кетирүү талабын койдук. Бул талаптарыбызды Алай районунун акими келгенде да айттык”,- деди Косонов.

Учурда жол тосуп тургандардын саны 300дүн тегерегинде жана 10 боз үй тигилип турат.

Эскерте кетсек, алар 27-майдан бери Ахматбек Келдибековдун абактан чыгаруу талаптарын коюп келишүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан