Өкмөттүн “Центерра” менен сүйлөшүүсү оор болуп жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде бүгүн, 9-июнда “Кумтөр” боюнча парламенттин токтомдорунун аткарылышы каралууда. Маселе боюнча вице-премьер-министр Валерий Диль депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Айтымында, “Центерра” менен сүйлөшүүлөр татаал нукта жүрүүдө.

“Канада тарап ишканадан чыгарылып кеткен 200 миллион доллар боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү бүткөндөн кийин гана сүйлөшүүнү улантууну айтууда. “Кумтөрдүн” жумушчуларына коюлган чектөөнү алып салууну талап кылышты. Алар кенди токтотууну да айтышууда, “Кумтөр” иштеши керек”,- деди өкмөт мүчөсү.

Айта кетсек, аталган 200 миллион долларды өлкөдөн чыгарып кетүү кылмышы боюнча “Кыргыз алтындын” мурунку жетекчиси Дилгер Жапаровго кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан