Токтогул районунда чагылган түшүп, бир адам каза болду

Токтогул районунда чагылган түшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун Сары-Камыш айыл аймагындагы Тер-Жайлак жайлоосунда атчан жүргөн Рысбек Масиралиевди 7-июнь күнү саат 12:30 чамасында чагылган урган. Натыйжада Р.Масиралиев жеринде каза болуп, минген аты да кошо өлгөн. 8-июнь күнү маркумдун сөөгү туугандары тарабынан Сары-Камыш айылына алынып келинди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
N.mira
2014-06-09 11:39:40
Жайы жаннатта болсун.Чагылган болуп жамгыр жааганда жалгыз журбоо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан