Москва районунда жол кырсыгынан айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 8-июнь күнү саат 10:30 чамасында Беловодск айылында ГАЗ-53 унаасы менен Фольксваген Пассат унаасы сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу каза болгон. Жол кырсыгы болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.