Бишкекте бүгүн, 9-июнда Ак үйдүн алдында “Тезекпром” акциясына чыккандарды милиция кызматкерлери колдорун кайрып, унааларга салып кетишти. Акциянын активисттери Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына алынып кеткени белгилүү болду.
Айта кетсек, жаш лидерлер тобу Ошто газдын жоктугуна байланыштуу Ак үйдүн алдында “Тезекпром” акциясын өткөрүп жатышкан. Алардын катарында Мавлян Аскарбеков, Руслан Бекназаров, Шайлообек Атазов, Дайыр Орунбеков, Айбек Бусурманкулов жана башкалар бар болчу.