Самат Заков, жактоочу: “Алманбет Анапияевдин милиция кызматкери Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө тиешеси жок”

"Алманбет Анапияевдин Ош шаарында болуп өткөн Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө тиешеси жок". Мындай билдирүүнү Анапияевдин жактоочусу Самат Заков бүгүн, 15-январда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Алманбет Анапияедин жакындары жана жактоочусу бул кылмышка анын эч кандай тиешеси жок экендигин билдиришет. Мындан сырткары алар президентке бул иш боюнча ММКларга маек бербөөнү суранып кайрылышат. “Анапияев бийлик өкүлдөрүн бул маселеге баа берүүдө кылдат болушун, укук коргоо органдарынан маалыматты абайлап таратууну суранат”,- дейт Заков. Айта кетсек, кримдүйнөнүн лидерлеринин бири Алманбет Анапияев учурда чет өлкөдө баш калкалоодо, ага эл аралык издөө жарыяланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан