Кадамжай районунда жеңил унаа каналга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен Абсамат айылында Дэу Тико унаасынын айдоочусу рулду башкара албай каналга түшүп кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, унаа каналдан чыгарылды.