"Калия Арабекованы зордуктады" деп шектелип жаткандар кыйноолорго кабылган эмес

"Калия Арабекованы зордуктады" деп шектелип жаткандар кыйноолорго кабылышкандыгы тууралуу маалымат такталган жок. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

КРнын Акыйкатчы аппаратына өткөн жумада Талас облусунда сот тармагында эмгектенишкен, учурда тергөөдөгү Алтынбек Алыбаев, Илгиз Карымбаев жана Мукаш Кененсариевдин туугандары арыз менен кайрылышкан. Алар өзүлөрүнүн туугандарына карата кыйноо фактылары колдонулуп жатканына даттанышкан. Аталган кызматкерлер 2013-жылдын 30-декабрында Таластын тургуну К.Арабекованы зордуктоо фактысы боюнча кылмышка шектүү деп табылып, аларга карата кылмыш иши жүрүп жаткан. КРнын Акыйкатчысы Б.Аманбаевдин буйругу менен КРнын Акыйкатчысынын орун басары М.Кожошев башында турган жумушчу топ Талас шаарына жөнөтүлгөн.    

Арызды жерине барып териштирүү учурунда кылмышка шектүүлөргө карата кыйноолор болгондугу тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Ошол эле учурда акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине К.Арабекованын тарапташтары да кайрылышкан. Алар Калия Арабекова жабырлануучу болгон кылмыш ишинин бир беткей каралып жатышына нааразычылыгын билдиришкен. 

Иш сапарынын жүрүшүндө акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери шектүүлөр менен да, жабырлануучу менен да жолугушту. Териштирүүнүн жүрүшүндө КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине жабырлануучу К.Арабекованын өмүрүнө коркунуч келип жатканы маалым болду. Бул боюнча КР Акыйкатчысы Б.Аманбаев  УКМКнын Талас облустук башкармалыгына, облустук ИИБ жана облустук прокуратурага маалымдаган.

Бул иштин калыс жана объективдүү тергелиши КР Акыйкатчысынын көзөмөлүндө болору жана акыйкатчынын өкүлү ар кайсы инстанциядагы сот отурумдарына байкоочу катары катыша тургандыгы билдирилди.

Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташканы айтылууда. Арабекованын айтымында, аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташкан. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Зордуктоого шектелген сот аткаруучулар кызматтарынан бошоп, үй камагына чыгарылган. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранып жатат.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bilalbil
2014-06-09 13:10:33
Калия эже кыргызстанда карапайым адамдарга мыйзам иштебейт.Ошондуктан озунуз соттошунуз керек эже. Кыргыздын карапайым эли сиз менен унутпаныз
+1
Dadin
2014-06-09 13:28:05
Жалган маалымат тараткандыктары учун да кылмыш ишин козгош керек.(Мыйзам жол берет.)
+1
mamashovich88
2014-06-09 14:12:10
Dadin, Мыйзам чыгып калган го. Жалган маалымат тараткандар эркинен ажыратылат деп.
-2
rumaika5544
2014-06-09 14:03:09
Тообо кылдым адамдар эмне эле болуп баратабыз.
0
admin_superstan
2014-06-09 15:55:04
mamashovich88, түшүнүксүз билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз. Оюңузду жыйнап кайрадан жазыңыз!
0
demo009
2014-06-09 18:05:27
Акчаң болсо кулуңмун деген чын да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан