Аксыда балык уулап жүрүшүп сууга агып кеткен 2 жарандын бири дале табыла элек

Аксыда балык уулап жүрүшүп сууга агып кеткен 2 жарандын бири дале табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

Айта кетсек, 27-май күнү Таш-Көмүр шаарынын тургундары 1965-жылы туулган Үмөт Балтабаев жана 1952-жылы туулган Абдысатар Абдыкадыров Кара-Суу дарыясында балык уулап жүрүшүп сууга агып кетишкен. Ошол эле күнү куткаруучулар жана туугандары менен биргеликте издөө иштери жүргөн, бирок натыйжа болгон эмес. Эртеси күнү да издөө иштери жүрүп, Кара-Суу дарыясынын жээгинен 1952-жылы туулган Абдысатар Абдыкадыровдун жансыз денеси табылган. Ал эми экинчи жаран дале изделүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lumia-800
2014-06-09 12:40:45
Табылып калсында эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан