Жалал-Абад шаарындагы Унааларды жана айдоочулук түзүмдү каттоо департаментинде коррупциялык схема аныкталды

Жалал-Абад шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Унааларды жана айдоочулук түзүмдү каттоо департаментинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, аталган мекеменин кызматкерлери жетекчиликтин демилгеси менен унааларды техникалык кароодон өткөрүү кызматын көрсөткөн коммерциялык уюм түзүшкөн. Кийин унаалардын сырткы көрүнүшүнө карап техникалык кароодон өткөрүп, 200-300 сомдон алып турушкан. Негизинен, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Унааларды жана айдоочулук түзүмдү каттоо бөлүмү унааларды техникалык кароодон өткөрүү кызматын бекер жасаганга милдеттүү болгон.

Учурда аталган окуя боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан