Башкы прокурор: “Коррупцияны репрессия жолу менен жеңе албайбыз”

“Коррупция социалдык көйгөй болуп саналгандыктан, аны репрессиялык жол менен жеңе албайбыз”,- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупцияга арналган эл аралык конференцияда башкы прокурор Аида Салянова.

“Пара алуу үчүн Жогорку Кеңеш бир топ мыйзамдарды кабыл алып, реформаларды жүргүзүп жатат. Ушул реформалар бир айга, бир жылга эле пайда алып келет. Коррупция – социалдык көйгөй. Бизге аң-сезимдин реформасы керек. Пара алууга терс мамиле жаратуу зарыл”,- деди башкы прокурор.

Мындан тышкары коррупция менен күрөшүүдө чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташуу абдан керектүү экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан