Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстанда коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүлүп жатат"

Бүгүн, 9-июнда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев "Кыргызстанда коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө парламентаризмдин ролу" аттуу эл аралык конференциясында президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда булар айтылат:

“Урматтуу эл аралык конференциянын катышуучулары!

Кымбаттуу достор!

Меймандос кыргыз жергесине кош келипсиздер!

Коррупцияга каршы парламентарийлердин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкармалыгынын төрагасы Насер Аль Саниге, чет өлкөлөрдүн парламенттеринин өкүлдөрүнө, эл аралык уюмдарга көрсөткөн колдоосу жана ушул иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Учурда Кыргызстанда коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүлүп жатат. Швед изилдөөчүсү Йохан Энгваллдын пикири боюнча, коррупция Кыргызстанда көп жылдар бою “мамлекетти башкаруунун ыкмасына" айланган. Бүгүн биз жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга тийишпиз. Өлкөбүздө антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясы кабыл алынып, анда саясий жана системдүү коррупцияны жоюуга басым жасалды.

Парламенттин коррупцияга каршы күрөшкө колдоо көрсөткөнү өзгөчө маанилүү деп эсептейм. Көп өлкөлөрдүн өкүлдөрү биригип, Парламентарийлердин бүткүл дүйнөлүк уюмун түзгөндүгү жакшы саамалык. Бул уюмдун ишмердиги өлкөлөрүбүзгө жана элдерибизге зор пайда алып келет деп ишенем.

Коомчулукту ишке тартпай туруп коррупция менен натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эмес. Биргелешип жакшы жыйынтыктарга жетише алабыз.

Конференциядагы пикир алмашуу түйүндүү маселелерди чечүүнүн жолдорун табууга жана чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбаларын колдонууга жол ачары шексиз.

Конференциянын иши натыйжалуу жана жемиштүү болот деп ишенем. Бардык катышуучуларга чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан