Нарын. "Калктын негизги тамагы эт, сүт азыктары болгондуктан көпчүлүк жарандарда жогорку кан басымы бар" дешет дарыгерлер

Бийик тоолуу Нарын облусу деңиз деңгээлинен 2000-3000 метр бийиктикте жайгашкандыктан, калктын басымдуу бөлүгү жүрөк, кан тамыр оорулары менен жабыр тартышат. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Муратбек Атбаев билдиди. Анын айтымында, калктын тамактануусу көбүнчө эт, сүт жана буудайдын күчтүү сортторунан жасалган азыктар менен болгондуктан жарандардын көпчүлүгү жогорку кан басым менен жүрүшөт. Аталган оорукананын дарыгерлеринин айтымында кан басымы жогорулап ооруканага түшкөн бейтаптардын жаш өзгөчөлүгү мектеп окуучуларынан тарта, пенсия курагындагы адамдарга чейин кездешет. "Жогорудагы тамак аш жана катаал климатка кошул ташыл, бейтаптар көбүнчө бөйрөккө  суук тийгизип алышат" дешет дарыгерлер. 

        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан