Бишкекте "Тезекпром" акциясын уюштургандарга "коомдук тартипти бузду" деген айып коюлууда. Бул тууралуу акцияны уюштургандардын жактоочусу Такен Молдокулов билдирди.
“Мен кирип кабар алып чыктым, бир аздан соң аларды Биринчи Май райондук сотуна алып барып, чечимин ошол жерден угузушат”,- деди жактоочу.
Айта кетсек, жаш лидерлер тобу бүгүн, 9-июнда Бишкекте “Тезекпром” акциясын уюштуруп, аянтта тезек өрттөшмөк. Бирок аларды милиция өкүлдөрү кармап кетишкен.