“Кыргызстанда парламент коррупцияны жоюуга керектүү ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ”,- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупцияга арналган эл аралык конференцияда КРнын Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова.
Анын айтымында, Эсептөө палатасы коррупция менен күрөшүүдө парламент менен тыгыз мамиледе иштешүүдө. “Президент айтмакчы, парламентаризм бийликтин ачык-айкындыгы менен жакшы. Ошондуктан коррупция менен күрөшүүдө парламенттин ролу жогору. Эсептөө палатасы Жогорку Кеңеш менен 3 багытта иштеп келет: максаттарды жана милдеттерди коюу, көзөмөлдөө, мыйзам чыгаруучу ишин жүргүзүү”,- деди Ибраимова.