“Дүйнөдө "бизде коррупция жок" деген мамлекет жок. Бирок коррупцияны төмөнкү деңгээлге жеткирген өлкөлөр бар. Биз алардан үлгү алышыбыз керек”,- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда Жогорку Кеңештин Коррупция менен күрөшүү комитетинин төрагасы Анарбек Калматов.
Анын айтымында, Сингапур, Кытай, Казакстан пара алууну жоюу боюнча ийгиликтүү мамлекеттер болуп саналат. “Маселен, Кытайда коррупция менен күрөшүү 3 принциптен турат: таза борбордук бийлик, жазанын кайтарымсыздыгы жана мамлекеттик ишкерлерди сыйлоо”,- деп мисал келтирди Калматов.
“Коррупция менен чыныгы күрөшүү 2010-жылдан башталды десек туура болот. Пара алууну жоюу үчүн коррупциялык схемаларды таап, аларды жок кылыш керек. Албетте, бул бир күндүк иш эмес. Парламент ушул багытта иштерин улантат”,- деди эл өкүлү.