Коррупция көйгөйү жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимди кетирип жатат. Муну бүгүн, 9-июнда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” аттуу эл аралык конференцияда айтты. Коррупция көйгөйүн ачык-айкын талкуулоодо парламент аянтча болуп берерине токтолду. “Парламенттеги коррупцияга каршы аянтча өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштө чоң ролду ойнойт. Эң башкысы, парламент коррупция менен күрөшүү боюнча кырдаалга ар дайым байкоо жүргүзүп туруу үчүн көзөмөлдү азайтпашы керек”,- дейт Текебаев.