42 жаштагы айым "борбор калаадагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирген" деп айыпталууда

42 жаштагы айым "борбор калаадагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирген" деп айыпталууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Ринат аттуу тургунунун үйүнүн эшигин талкалап, акча жана кийимдерин уурдап кетишкен.

Бул тууралуу милиция бөлүмүнө маалымдалып, ыкчам аракеттер көрүлгөн соң кылмышка шектүү катары 42 жаштагы Наталья аттуу Бишкек шаарында жашаган айым кармалган. Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан