Парламенттин көмөгүсүз дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө коррупцияга каршы күрөш өз натыйжасын бербейт. Сөз парламенттин мыйзам чыгаруудагы иши тууралуу гана эмес, депутаттардын шайлоочулар менен тыгыз иш жүргүзүүсү жөнүндө да болуп жатат. Муну башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференцияда айтты.
Башкы прокурор 2012-жылы "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышы өтө маанилүү болгонун белгилеп, 2014-жылдын 6-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан оор кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыштын эскирүү мөөнөтү алынып салынганын эске салды.
Салянова коррупцияга каршы күрөш көйгөйдү чечүүгө комплекстүү аракет жасалганда гана натыйжалуу болорун кошумчалады.