Орусиянын “кара тизмесинен” жашоо шарты оор кыргызстандык мигранттар менен студенттер чыгарылат. КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бул боюнча аракеттерди көрүп жатканын бүгүн, 9-июнда аталган министрликтин башчысы Алиясбек Алымкулов билдирди. Айтымында, Орусияда билим алып жатышкан кыргызстандык студенттерди, аспиранттарды жана оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдөн барган мигранттарды “кара тизмеден” чыгаруу боюнча Орусия тарап менен сүйлөшүү жүрдү. “Кара тизмеден” чыгууну каалаган жарандар биздин министрликке кайрылышы керек. Аталган маселе боюнча иш жүргүзгөн жумушчу топ менен бирге алардын кайрылуусун карап көрөбүз”,- деди министр.