Бүгүн, 15-январда 2010-жылдагы 7-апрель окуясына байланыштуу өтүп жаткан сот жыйынында аталган окуяга күнөөкөр катары айыпталап жаткан УМККнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов кылмыш ишине байланыштуу материалдар менен таанышуудан баш тартты. Буга байланыштуу сотко төрагалык кылып жаткан судья Дамир Оңолбеков бул билдирүү боюнча жазуу түрүндө арыз берүүнү суранды. Мурат Суталинов бул сунушка макулдук берди.