Ички иштер министрлиги: “Системдүү коррупция Кыргызстандын өнүгүү жолуна тоскоол болууда”

Системдүү коррупция Кыргызстандын өнүгүү жолуна тоскоол болуп жатат. Маалымат ички иштер министри Абдулда Суранчиевдин бүгүн, 9-июнда "Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду" аттуу эл аралык конференцияда жасаган баяндамасынан алынды.

Маалыматка ылайык, коррупциянын күчөп кетишине, бюджеттик акча каражат уурдоого, уюшкан кылмыш топтордун мүчөлөрүнүн мамлекеттик бийликке келүүсүнө байланыштуу ИИМде 5-башкы башкармалыгы түзүлгөн. Мындан тышкары прокуратура түзүмдөрү, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы коррупция менен күрөшүп келет.

“Тилекке каршы, мыйзамга өзгөрүүлөр киргизилгендигинен улам ички иштер түзүмдөрү укук колдонуучу тажрыйбада коррупция менен күрөшүүдө тоскоолдуктарга кабылып жатышат. КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин айрым беренелерине ылайык, милиция кызматкерлери өз алдынча коррупциялык кылмыштарды ачып, кылмыш ишти козгоп, тергөө амалдарын жүргүзө албайт",- деп айтылат Суранчиевдин баяндамасында. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан