Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча, 3 жыл ичинде 630 кылмыш иши козголду. Маалымат аталган кызматтын башчысы
Бөкөнбай Казаковдун бүгүн, 9-июнда
"Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду" аттуу
эл аралык конференцияда жасаган баяндамасынан алынды.
Маалым болгондой, коррупциялык кылмыштардан улам мамлекетке 2 миллиард 802 миллион 267 миң сом зыян келтирилген. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 992 миллион 950 миң сом чыгымдын орду толтурулган. 630 кылмыш ишинин арасынан 298и 2012-жылы, 261и 2013-жылы, 71и 2014-жылы козголгон.
"Коррупциянын жогорку деңгээли отун-энергетикалык комплексинде, тоо кендерин казып чыгаруу тармагында, Салык жана Бажы кызматтарында, укук коргоо жана соттук түзүмдөрүндө анык болгон",- деп айтылат Казаковдун баяндамасында.