Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов 2013-жылы парламенттен 873 894 сом маяна алган. Депутат муну тапшырган декларациясында көрсөттү. Жетигенов “автоунаам жок” деген депутаттардын катарында. Депутаттын жакындары 2 үйгө ээлик кылышат (аянттары 114 жана 108 чарчы метр). Алардын кирешеси тууралуу депутат маалымат берген эмес.