Каныбек Иманалиев коррупция улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтты
"Жогорку Кеңеш Коррупцияга каршы конвенцияны ратификациялап, коррупцияга каршы бир топ мыйзамдарды кабыл алды. Эми ачык-айкын жана масштабдуу аракеттер зарыл. Бүгүнкү иш-чара – бул көйгөйдү талкуулоо үчүн эң мыкты аянтча",- дейт парламент депутаты Каныбек Иманалиев. Депутат муну бүгүн, 9-июнда “Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” аттуу эл аралык конференцияда айтты. Анын билдиришинче, коррупциянын айынан мамлекеттин түркүгү начарлап, ал улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда. "Аткаминердин башкы миссиясы – мамлекетке ак дилден кызмат кылуу жана анын эсебинен пайда табууга барбоо”,- дейт депутат.