Бүгүн, 9-июнда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Улан-Баторго болгон иш сапарында Монголиянын Мамлекеттик каттоо боюнча башкы башкармалыгынын төрагасы Ц.Пурэвдорж менен жолугушту. Сарпашев иш сапарынын башкы максаты калкты биометрикалык каттоо жаатында Монголиянын тажрыйбасын изилдөө экенин айтты. Пурэвдорж Монголия кыска убакытта өз жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жыйнай алганын айтты. "Биз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Биометрикалык маалымат жыйноо учурунда эч кандай саясий акциялар же калк тарабынан түшүнбөстүктөр болгон жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кеңири түшүндүрүү иштери жүрдү",- деди ал.
Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.