Индияда күнөөсүн кетирүү үчүн сууга түшүүчү диний фестиваль учурунда 30га чукул адам мерт болду

Индиядагы Уттар-Прадеш штатында Ганга кудайына багышталган диний майрам учурунда 30га чукул адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен бүгүн, 9-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда аталган кудайга арналган майрам жыл сайын белгиленип келет. Индуизм кудай таануусунда "Ганга кудайы жерге түшүп, дарыяга айланып кеткен" деп айтылганы бар. Салтанат 10 күнгө созулуп, бул күндөрү жүз миңдеген адамдар күнөөлөрүн кетирүү үчүн сууга түшүшөт.
Полиция фестиваль учурунда 39 чакыруу түшкөнүн жана 3 адам куткарылганын билдирген. Ошондой эле 9 адам дайынсыз экенин маалымдаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rumaika5544
2014-06-09 17:14:43
эми не болду?!тообо олду.Акыретти эмне болоор экен булардын.
0
Mr.muratik
2014-06-10 08:12:55
Musulman emester eken, alardyn akyretin Allah bilet kandai azaptalaaryn.
0
belosnejka1
2014-06-10 09:21:10
Динге каттуу берилгенде ушундай крышалары кетип калат адамдардын. Ар нерсенин чеги болот. Ашыкчасы зыян.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан