Мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген факты боюнча кылмыш иши козголду

Мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди. 

Мамлекеттик мүлк фондунун жана Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгын, ошондой эле Транспорт жана байланыш министрлигине караштуу Унаа жана суу транспортторунун мамлекеттик агенттигин текшерүүгө алууда мамлекеттин менчигиндеги мүлктү жеке менчикке өткөрүү фактысы катталгандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлк фонду 2006-жылы Транспорт жана байланыш министрлигине караштуу Унаа жана суу транспортторунун мамлекеттик агенттигинин 2 кабаттуу имаратынын 648 чарчы метрин “Оргтехстрой” акционердик коомуна өткөрүү боюнча буйрук чыгарышкан. Кийин 2010-жылы Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгы менчик ээсин кайрадан каттоого алган эмес. Жыйынтыгында 3 жыл аралыгында “Оргтехстрой” акционердик коому аталган имаратты Транспорт жана байланыш министрлигине караштуу Унаа жана суу транспортторунун мамлекеттик агенттигине ижарага берип, айына 250 миң сомдон ижара акысын алып турган. Жыйынтыгында мамлекетке 10 825 264 сом зыян келтирилген.

Учурда аталган факт боюнча "коррупция" беренеси менен иш козголуп, иликтөө уланууда.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhanarbek80
2014-06-09 20:55:10
майда балык кармаптыр да чон чон сазандарды кармашса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан