Эсептөө палатасынын төрайымы: "Парламенттик систем коррупция менен көрүшүүгө ыңгайлуу"

"Парламенттик систем коррупция менен көрүшүүгө багытталган иште кыйла натыйжалуу болуп саналат. 2013-жылы бул жаатта Жогорку Кеңештин депутаттарынан 130 суроо-талап, кат, дагы башка документтер келип түштү",- деп билдирди Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова. Муну аталган жетекчи 9-июнда "Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” аттуу эл аралык конференцияда билдирди.

Депутаттардын суроо-талаптарынын негизинде аудиттик текшерүүлөр жүргүзүлүп, бир катар каржылык тартип бузуулардын бети ачылганын айтты.

"Жогорку Кеңеш парламенттик көзөмөлдүн бардык жол-жоболорун колдонуу менен аткаруу бийлигинин иш сапатына өзүнүн оң таасирин тийгизип жатат",- дейт Ибраимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан