"Коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чаралар парламенттик көзөмөлсүз ишке ашпайт" дейт депутат Калматов

Коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чаралар парламенттик көзөмөлсүз ишке ашпайт. Муну бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда Жогорку Кеңештин депутаты Анарбек Калматов билдирди. Айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жакшы ченемдик-укук базасы түзүлгөнүнө карабай Кыргызстанда жемишин бербей жатат. "Коомдо коррупция, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, бюджет процессинин жабыктыгы сыяктуу терс көрүнүштөр пайдалуу болбой калгыдай шарт түзүү зарыл. Мунун баары коррупциялык иштерди жоюуга, улуттук мыйзамдарга эл аралык укуктук усулдарды жалгаштырууга, натыйжалуу институттарды түзүүгө багытталган бирдиктүү аракеттерди талап кылат",- дейт Калматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан