Депутат Ширин Айтматова: "Акча таратып митинг уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу керек"

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет жыйынында депутат Ширин Айтматова “акча таратып митинг уюштургандарды  административдик жоопкерчиликке тартыш керек” деген сунушун айтты. Жыйында бул сунушту КРнын Юстиция министрлиги административдик Кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүгө кошо турганы белгилүү болду. Айта кетсек, Юстиция министрлиги административдик Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу тынчтык митингин өткөрүүгө тоскоолдук кылган мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан