“Калия Арабекова жарыялаган маалыматтын баары калп. Анын “таанышып алалы” деп жолдошума өзү тийишип жүргөн күндөрү болгон" дейт айыпталуучу тараптын бири Илгиз Карымбаевдин жубайы

“2013-жылдын 30-декабрынан 31ине караган түнү мени Талас шаардык сотунун 3 сот аткаруу кызматкери зордуктап, таң аткыча зомбулук көрсөтүштү. Аларга учурда акыйкат чара көрүлбөй, үй камагына чыгарылып, жеңил жаза берилип жатат”,- деп коомчулукка жар салган Талас шаарынын тургуну Калия Арабекованын айланасында кызуу талкуу жүрүүдө.

Айыпталуучу тараптын бири Илгиз Карымбаевдин жубайы Айгерим Акматова бизге байланышып, экинчи тараптын оюн да жарыялап коюубузду өтүндү:

“Калия Арабекова коомчулукка жалган жалаа таратып, өзү сыяктуу шылуундарды команда кылып аркасына топтоп алып ушундай каралоо иштерин жүргүзүп жатат. Акыйкатчынын бир тараптын гана эмес, экинчи тараптын да укуктарын коргоп берүүсүн суранат элем. Учурда менин социалдык тармактагы баракчаларыма белгисиз бирөөлөр кирип алып, “Балаңды, өзүңдүн өмүрүңдү ойло. Сени да ошондой абалга калтырып кетебиз” деген коркутуулар болуп жатат. 2013-жылдын 30унан 31-декабрга караган түнү жолдошум кесиптик жамааты менен майрамдык корпоративге кетишкен. Жолдошум Илгиз Карымбаевдин ал учурда Манас райондук сотунан Кара-Буура райондук соттук аткаруучулар бөлүмүнө которулуп келгенине 1 эле ай болгон. Ошол учурда Калия Арабекова “Майрамга акча керек. Күйөөмдөн балдарыма кесилген алиментти өндүрүп бергиле” деп Илгизге чалып жүргөн. Андан мурун "сен жаңы келиптирсиң, таанышып албайлыбы" деп да чалган экен. Жолдошум ага эки балалуу жалгыз бой аял экен деп боору ачып, күйөөсүнөн акча өндүрүлгүчө өз чөнтөгүмөн, айлыгым тийип калса берип турайын деген да пландары бар болчу. Ошол күнү жолдошум майрамдык корпоративден чыгып, жакын жердеги таежесинин үйүнө барып эс алып алалы деп кесиптеши Мукаш Кененсариевди ээрчитип ошол жакта түнөшкөн. Ага чейин Калия Арабекова жолдошума кечке чала бергендиктен, жумушун бүтүрүп берип коёлу деп кечки саат 22:00 чамасында Алтынбек Алыбаев, Мукаш Кененсариев болуп жолугушууга барышат. Калия өзүн Айка деп тааныштырып, жанына ооруканада иштеген Рыскүл аттуу курбусун ээрчитип Алтынбектин үйүнө келишет. Ошол жерден бешөө бир аз сүйлөшүп отурушуп, жолдошум менен Мукаш Кененсариев таежесиникине кетип, курбусу болсо дежур болчумун деп жумушуна кетиптир. Ал эми үчүнчү болуп күнөөлөнүп жаткан Алтынбек Алыбаевдин айтымы боюнча, ошол түнү Арабекова Алтынбектин үйүндө түн өткөргөн экен. Алтынбек Алыбаев муну мойнуна алып, бирок зордук-зомбулук көрсөтпөй эле кетиргенин айтып жатат. Эгер чын эле ал ошончолук 3 эркектен кордук көргөн болсо, эмне үчүн "Тез жардам" чакырып, ооруканага кайрылбай, дароо милицияга барганга дарманы жеткен? Демек, ал-акыбалы жайында эле болгон. 31-декабрь күнү таңкы саат 07:30 чамасында Талас облустук сотунан Эрбол Балыбаев деген жолдошума чалып “Калияны кордоп, зордуктаптырсыңар” дегенде гана анын аты Айка эмес, Калия экенин билип отурат”.

Учурда бул маселе боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан чагыбыз. Толук маалыматты “Супер-Инфо” гезитинин 13-июндагы 606-санынан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rumaika5544
2014-06-09 17:58:02
Эми Аллахтан коркушпагандан кийин,ар ким билген калпын айта берет да.
0
vive8
2014-06-09 19:27:40
Озу башында эле ошол аялга ишенген эмесмин кантип чоооон эле аял ушул нерселерди айтып жатат?балдары кийин эмне дейт?
0
uluk1982
2014-06-09 20:47:44
жакында билинет.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан