31-июнда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда Мамлекеттик жер долбоорлоо институту тарабынан кеңешме өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы 9-июнда билдирди.
"Кеңешмеде акыркы жылдары көптөгөн өзгөрүүлөргө туш болгон жер тилкелерин инвентаризациялоодо жардам катары колдонулуучу, учкучу жок GeoScan 101 үлгүсүндөгү учуучу аппарат менен жер бетинин сүрөтүн тартууну көргөзүү каралууда”,- деп билдирет министрлик.
Иш-чарага аталган институттун жетекчилери жана адистер катышат.
Эске салсак, 2014-жылдын май айында Ош облусунун Ноокат районунда жогоруда аталган аппараттын презентациясы болуп өткөн.