Париждеги белгилүү көпүрө туристтер тарабынан илинген кулпулардын оордугунан улам урап калды

Бүгүн, 9-июнда Париждеги бийиктиги 150 метр болгон белгилүү көпүрөнүн тосмосу туристтер тарабынан илинген кулпулардын оордугунан улам урап калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалым болгондой, "Сүйүү кулпусу" аталган бул көпүрөнүн темир тосмосу ураган. Жергиликтүү полиция кызматкери актыга жараша, тосмо дарыя тарапка эмес, көпүрөнүн үстү тарапка кулады. Эгер кайыктардын үстүнө түшсө, аягы өкүнүчтүү аяктамак. Учурда көпүрөдө жүргөн туристтердин баары андан чыгарылды" деп билдирген бул кырсык тууралуу. 
Белгилей кетсек, бул көпүрө 1804-жылы курулган. Дүйнөлүк эки согуштан жабыркаган көпүрө 1980-жылы кайра оңдолуп салынган. 2008-жылдан бери туристтер бул көпүрөнү "Сүйүү кулпусу" катары санап, ага кулпуларды бекитип келишкен. 
Бүгүнкү окуядан кийин шаар мэриясы тосмого кулпуларды тагууга тыюу салынганын жана талап аткарылбаса, чара көрүлөрүн билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
rumaika5544
2014-06-09 19:27:41
тообо жиндилер.
-1
Sagy
2014-06-09 22:19:54
Еврогейлердин кулпусу оор болуп, копуро да бар жоголгула десе керек))
+7
Kanat8427
2014-06-09 22:56:18
Олдуго суйуу )))
+4
Tynchy28
2014-06-09 23:37:39
жараткандын эскертvvсv. Кулпуга эмес кудайга ишенсек жакшы болот эле.
+4
malik.87kg
2014-06-09 23:53:51
Суйуусун култаган ХХХ
+6
admin_portal
2014-06-10 10:18:29
malik.87kg - оозеки эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
0
AZIK01
2014-06-09 23:55:18
Суйуулорун кулпулап койгондор. Копуро менен кошо суйуусу да урап калды. Кызыктай адамдар коп да.
+1
aiko_87
2014-06-10 08:57:27
ойлонбой иш кылгандарда коп ээ тобо суйууну да кулпулап болобу. ушул кулпуга окшогон окуя озубуздун Кыргызтаныбызда да болуп жатпайбы Ош шаарындагы Сулайман Тоонун да сыйынуучу ташына жаны уйлонуп жаткандар чайналган сагыз чаптап жатышпайты буларга эмне деп болот мындай нерселерди акмактар гана кылат
+1
abaychik
2014-06-10 17:18:57
aiko_87, иий тообо мен укпаптырмын мындай нерсени, көңүлдү гана айлантышат го, сагыз жабыштырат деген да болобу тообо.
0
gulperi.kg
2014-06-10 11:14:05
Суйуунор менен кулап калгырлар болуптур да
+1
Turadi
2014-06-10 14:31:15
тобоо
0
aza91
2014-06-10 18:21:28
биз да барып карасак баары кулпу салып жатышкан экен анан биз да кулпу илип койдук болчу да ))))
0
aza91
2014-06-10 18:22:30
бир жагынан жакшы болуптур да ал жерде кулпу сатып отурушат болчу аябай дегендей кымбат эле алардын бизнестери токтоп калыптырда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан