Бүгүн, 9-июнда Ак үйдүн алдында “Тезекпром” акциясын уюштуруучуларынын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Маалым болгондой, активисттер Руслан Бекназаровго 300 сом, Мавлян Аскарбековго 200 сом айып пул салынды. Учурда сот иши улантылууда.
Айта кетсек, бүгүн, 9-июнда Ак үйдүн алдында “Тезекпром” акциясынын катышуучуларын милиция кызматкерлери кармап кетип, аларга "коомдук тартипти бузду" деген айып тагылган.